Ош облусу: Селдин кесепетинен 77 жеке турак жай жабыркады

Автор -
223

«Ош облусунда селдин айынан 77 жеке турак жай жабыркады»-деп билдирет өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү.

Кара-Кулжа районунда селдин агымынан 17 жеке курулуш жабыркаган, анын ичинде Октябрь айылында сел 6 турак үйдү жана 11 короону каптап калган. Ошондой эле 1-чакырымга жакын автоунаа жолу жарактан чыгып, Өзгөн районунун Мырза-Аке айылындагы алтымышка жакын турак жайдын короосун суу каптаган.

Окуя болгон жерге атайын техника жана кызматкерлер тартылган. Жеринде өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча иштер жүрүүдө.

 

Бөлүшүү