Ош шаарында алтын сертификатка ээ болгон окуучуларга планшеттер белекке берилди

Автор -
0

Бүгүн, 25-июнда Ош шаарынын мэриясында шаар мэри Айтмамат Кадырбаев КРнын 2018-жылдагы эң мыкты 50 абитуриенттеринин  катарына кирген, өзгөчө сертификаттарга ээ болгон  Ош шаарынын окуучуларын , алардын мугалимдерин жана ата-энелерин кабыл алды.

Анда Айтмамат Кадырбаев окуучуларды бул жетишкендиктери менен куттуктап, ата-энелерине жана мугалимдерине ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле шаар мэри окуучуларга планшеттерди белекке берди.

Алар жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку бааларга ээ болгон Мырзагүл Алмазбек кызы 219 бал, Акназар Амиракунов 219 бал жана Таттыгүл Абдимаматова 221 бал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз