Ош шаарында «Ансар» кафеси өрттөндү

Автор -

Бүгүн, 29-июнга караган түнү саат 04:00 чамасында Ош шаарынын Достук кичи районундагы турак үйдүн чатырынан өрт чыгып, жанаша жайгашкан «Ансар» кафесине жайылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен кафенин жалпы 550 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттү өчүрүү үчүн 5 бөлүм, ИИМдин 5 кызматкери, медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада, газ тармактар ишканасынан 1 бригада, Ош РЭТ ишканасынан 1 бригада тартылган.

Жыйынтыгында өрт саат 04:57де чектөөгө алынып, саат 06:41де толук өчүрүлгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.

Бөлүшүү