Ош шаарында балдардын оюн кербени болуп өттү

Автор -
0

Ош шаарында балдардын оюн кербени болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.

«Кечээ, 19-июнь күнү БУУнун балдар фонду, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте Алымбек Датка этнографиялык борборунда «Балдардын оюн кербени» долбоорунун алкагында чоң иш-чара болуп өттү»,-деп айтылат маалыматта.

Балдардын оюн кербенине Ош шаарында жайгашкан балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, шаардын кичинекей тургундары, жаш активисттер көчмөн элдерине тийиштүү болгон оюндардын 25 түрү боюнча мелдештерге катышып, белектерди утуп алышты.

Иш-чаранын максаты көчмөндөрдүн маданиятын кайрадан калыбына келтирүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк экендигин уюштуруучулар билдирди.

Белгилей кетсек, “Балдардын оюн кербени” долбоору өлкөнүн баардык аймактарында улантылат.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз