Памирлик кыргыздар тажик-афган чек арасын ийгиликтүү кесип өтүштү (Видео)

Автор -
921

Памирлик кыргыздар 9-июль күнү «Ишкашим» өткөрмө бекети аркылуу тажик-афган чек арасынан ийгиликтүү өтүштү.

Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришкендей, жайкы эс алуу убагында туулган жерине барып келүүнү көздөп сапар тарткан памирликтерди чек арага чейин Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, ӨКМдин өкүлдөрү жеткирип коюшту.

«ӨКМдин унаасы менен тажик-афган чек арасына чейин акушер-гинеколог жана Мамлекеттик чек ара кызматынын ага офицери коштоп барды»,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Нарынга жайгашкан памирлик кыргыздардын 18и туулуп-өскөн жерине барып келүүнү чечкен. Алар Кыргызстандан 6-июль күнү чыгып кетишкен. 

Бөлүшүү