Президент Жалал-Абад жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатты

Автор -
203

Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, жергиликтүү кеңештер тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары шайланбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүн жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат:

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши жана Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңеши таркатылсын.
  2. Жогоруда аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 13-майына, жекшембиге дайындалсын.
  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарынамөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
  4. Кыргыз Республикасынын өкмөтү:

–мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;

–мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

  1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жана Чүй облусунун Сокулук районунунмамлекеттик администрацияларынын башчылары шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын жана тиешелүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын милдетин аткаруучулар жогоруда аталган кеңештердин документтеринин, материалдарынын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
  3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо президент аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
  4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Бөлүшүү