Президенттик Аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы дайындалды

Автор -
252

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Исабаев Санжар Мамадиярович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Санжар Исабаев өмүр баяны:

Санжар Исабаев 1981-жылы туулган. 2004-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаган. Юстициянын 3-класстагы кеңешчиси. 2005-жылдан 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратында улук референт, улук консультант, бөлүм башчысы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын жардамчысы болуп эмгектенген. 2015-жылдан 2016-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүндө эксперт болуп иштеген. 2016-жылдын апрель айынан 2018-жылдын май айына чейин Бишкек шаардык сотун да судьялык кызматты аркалаган.

2018-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Бөлүшүү