Режиссер Эрнест Абдыжапаров Жусуп Абдрахманов жөнүндө даректүү фильм тартат

Автор -
284

Режиссер Эрнест Абдыжапаров мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов жөнүндө даректүү фильм тартат. Бул кабарды Аскар Салымбековдун фонду фейсбук баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык,даректүү тасманы тартуу үчүн режиссерлор арасында атайын сынак жарыяланган. Ага режиссерлор Бекболот Айдаралиев, Нурлан Абдыкадыров, Нурбек Боркошев, Нуркамиль Курманкулов, Руслан Машрапов, Бакыт Турдубаев жана Замир Эралиевдер катышып, Эрнест Абдыжапаров жеңүүчү деп табылган.

Жусуп Абдрахманов жөнүндөгү фильмдин тартуу иштери Аскар Салымбековдун фонду тарабынан каржыланат.

Бөлүшүү