Санаага «байыткан» Центерра

Автор -

Бир жолу «катуу иштегенди» жакшы көргөндөр жөнүндө жаздым эле: алар «алма быш оозума түш» деп, эч нерсе кылбаганды жакшы көрүшөт. Кээ бир эксперттер сонун кылып сүрөттөп берди эле: биз өз табиятыбызды бузбай, эч нерсе кылбай, Центерранын чет өлкөдөгү активдеринен дивидендтерди алабыз. Мен чын эле ушундайбы деп изилдедим. Алдын ала айтканда, менин изилдөөм жана мага жардам берген профессионалдуу адистердин ой-пикири боюнча – мындан эч жакшылык чыкпайт. Мен билбеген маалыматтарды ачык Википедия ресурсунан алдым.

Эң башында эле «дилюшн», жебе болсо «дилюция» деген сөздөр менен жолуктум. Аталган интернет ресурстан карап көрсөм, ал англис тилинен алынган «Dilution» деген сөз экен. Кыргызчага ал – майдаланыштыруу, бөлүктүн азайып кетишүүсү деген мааниде которулат экен. С.Исаковдун «биздин бөлүктү азайтып коюшту, биз ага эч нерсе кыла албайбыз» деген сөздөрүн эми бир аз жакшыраак түшүндүм. Анда мурунку Премьер-министр Центерра Маунт Миллиган, Канада, алтын кенин сатып алуу үчүн эмиссия кылып, Кыргызстандын «бөлүгүнүн азайышын» ошентип түшүндүргөн экен. Ал кезде, Центерра 26 миллион акцияны эмиссия кылып, Кыргызстандын бөлүгү 32 пайыздан 26,6 пайызга «азайган» (цифралар болжолдуу көрсөтүлгөн).

Делюциянын принциби өтө оңой – мага акча-каражат керек болсо мен акцияларды чыгарам, ошентип компаниядагы акционерледин бөлүгү «азаят». Бул өтө примитивдүү түшүндүрмө, албетте биз докторлук илимий диссертацияны жактоо максатын койбогонубуз үчүн, ушул түшүнүк жетиштүү; эң негизги – бизди эмне күтүп жатканын түшүнүбүз керек. Изилдөөм боюнча – эч жакшылык бизди күтпөй эле. Центерра башкармалыгы чечим алуу процессине биз эч кандай таазим эте албайбыз.  Биздин бөлүктү мындан ары «азайткысы» келсе, оңой эле кылып коет, буга чейин кылып көргөн.

Демек, бул нерсе да эң коркунучтуу болуп саналбайт экен, учурда мындан да жаман нерселер болушу мүмкүн.  Өтө коркунучтуу цифраларды көрдүм (балким алар мага гана эле коркунучтуу болуп көрүндү, «биздикилер арабызда» барын билгендер да болсо керек?). Мисалы, Центерраны отчету боюнча 2017- жылы Free Cash Flow (FCF) 188 миллион доллар түздү (мындан ары бүткүл маалымат Центерранын гана отчетторунан алынган). Бул сөздү жакшы түшүнбөгөнүм үчүн финансылык энциклопедиясынан издедим. Көрсө, «FCF – компаниянын эркин акча-каражаттары, мындай каражаттарды бизнес оборотунан алса компаниянын эмгирдик ишкердигине эч зыян болбойт, анткени ал каражаттар бүткүл компаниянын керектиктерин камтыйт».  Менин оюм боюнча, бул эң негизги көрсөткүч цифра, анткени ал компаниянын чыныгы жетиштиктерин көрсөтөт. Эгерде биз Центерра менен келишимибиз боюнча Кумтөрдүн жарым ээси (50/50) болгонубузда 2017-жылы гана биздин казынага жок дегенде  90 миллион доллар түшмөк экен. Чындыгында Кыргызстан канча алды? Буну жазып жаткан клавиатурамды өз жашым менен толтуруп салбаш үчүн, эсептерди анан кылам. Кыскасы: 2016- жылы FCF 237 миллион доллар, 2015 жылы – 158 миллион долларды түзгөн. Жалпылаштырганда, акыркы үч жылдын ичинде (2015-16-17) FCF 583 миллион долларды түздү. Андан ары санап-эсептегим келбей койду.

Бул жыргал жашообузда Центерранын берешендиги менен Кыргызстандын казынасына канча каражат түштү? Жооп – акыркы үч жылда (үч эле!!!) Центеррадан түшкөн дивидендтерден жалпы 16 миллион түштү!!! Албетте, калган 560 миллионду бөлүштүрүп эмне пайда, аларды Центерранын башка жакшылыктарына кетирсе болот да. Мисалы, Центерранын сонун активи – Миллиган, эң кыйын иштеп жатат. Ошол үчүн Thompson Creek Metals компаниясы андан кутулса керек да…Анткени бул Миллигандын карыздары абдан көп болуп кеткен, келечекте да 800 миллиондон да көп карызды жаратат. Эсинизде болсо, ушул активди алуу үчүн, Кыргызстандын, биздин «бөлүк азайып» калган! Хан-падыша катары, бизди эч нерсесиз калтырып, биздин «өтө керектүү» фонддорубузга бир нече акча которуп, өзүнө өзү жакшы көрүнгөнүн кантейин.  Центерра биздин эле акчабыздан өзүбүзгө садагага берип жатпайбы!

Ушундай көрүнүш азыртадан эле болуп жатат, биз Центеррага керек учурубузда, бир нече жылдан кийин эмне болот… Канча дивидендтерди алабыз? Барыбызга белгилүү чыгармадай – өлгөн эшектин кулактарын алып калбасак болду. Центерранын башкармалыгы ошол чыгармадагы эң негизни персонажды эстетти.

Цифралар – өтө кызыктуу ойлорду ойготот. Бир акылдуу француздун афоризми эсиме түштү: «Официант туура цифралардан туура эмес эсеп түзөт. Бул официанттын статистиктен айырмаланышы, статистик тескерисинче кылат». Цифралар менен ойноп, адамды таӊ калтырып, алдап да коюш оӊой. Мисалы, жакын арада эле интернеттен бирөө жазыптыр «Кыргызстан Кумтөрдөн 3 миллиард 472 миллион доллар пайда көрдү» — деп. Сонун цифра. Кумтөрдүн ачылышынан бери (1994 ж.) саналып келген болсо да. Ал акчанын саналганын окусак: салыктар, электроэнергия, айлыктар, социалдуу фонд  ж.б. Демек, бул төлөмдөрдү Кумтөрдүн ээси Центерра эмес, башка «Три попугая» компаниясы болсо да сөзсүз түрдө төлөмөк. Мыйзам чегинде төлөнө турган төлөмдөрдүн жалпылашы менен бизди таң калтырам деген ой өтө туура эмес. Жалпы дивидендтерди санасак, көрсө, 93 миллион доллар эле болуп келет экен да, тээ Кумтөрдүн ачылышынан бери (өзүм санаган жокмун, кесиптештеримдин айтусуу боюнча). Сиз түшүндүӊүзбү – 93 миллион доллар – бул 25 жыл ичинде араң эле (!), анын акыркы үч жыл ичинде – араң эле 16 миллион доллар!!! Менин билишим боюнча, ал 16 миллион да төлөнүп казынага түшө да элек. Мындай ишкердик эч кимди эч кандай таң калтыра албайт. Эскертилген FCF – эркин акча-каражаттары боюнчачы? Эмнеге аларды акционер арасында бөлүштүрүлгөн эмес, ал каражаттар бош жана бөлүштүрүүгө даяр болсо? Эмнеге биздин акчабыз Центерранын башкармалыгынын түшүнүксүз пландарына жумшалыш керек? «Зин, акча кайда?!»

Мен экономист эмесмин, мага жардам берген консултанттар да жөнөкөй эле профессионалдар, бирок биз экиге экини кошконду билебиз. Эсептегенибизди улантсак – Кыргызстан Кумтөрдүн жарым ээси болгондо (50/50) канча акча казынага түшөт эле? Жүздөгөн миллион долларбы? Анча акча-каражат бизге кереги жок болуш керек, андан көрө Кытайдан грант алган оңой, бир күнү андан да, кудай буйруса, кутуларбыз. Менин дилетанттуу жазууларымды акылдуу эксперттер критикалап, талкалап, Центерра жөнүндө жакшы сөздөрдү сүйлөп баштаганда, силер алардын аты-жөнүн эстеп калгыла, алар биздин өлкөнүн патриоттору эмес, алар башка «байкеге» иштешет.

Биз канча сүйлөшүп, ойлонуп жүрсөк, ошончо убакыт өтө берет. Ошончо Центерранын башкармалыгы бизди шылдыңдап, бизден акчаны сууруп чыгарып кете берет. Мурун айтылгандай: акча аларга түшө берет, эсептегичтин убактысы тик-так, тик-так деп кете берет…

 

Искен Жаныбеков эркин журналист

 

 

Бөлүшүү