Сапар Исаков калктын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2018-2030-жылдарга программаны бекитти

Автор -
0

Премьер-министр Сапар Исаков токтомго кол койду, ага ылайык калктын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2018-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын программасы бекитилди, деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Аталган чечим «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасын ишке ашыруу алкагында кабыл алынды.

Программанын максаты психикалык саламаттыкты чыңдоо, психикалык жактан жабыркоону болтурбоо, жеткиликтүү медициналык жардамды камсыздоо жана жергиликтүү деңгээлде психикалык саламаттыкты сактоо боюнча ылдам, комплекстүү кызматтарды көрсөтүү системасын өнүктүрүү, адам укугун сактоо, психикасы бузулган адамдардын айыгып кетүүсүн тездетүү, ооруга чалдыгуусун жана майып болушун төмөндөтүү болуп саналат.

Андан тышкары программаны ишке ашыруу боюнча беш жылдык мөөнөткө 35 иш чарадан турган баштапкы план бекитилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз