Саудиялык шейх Өзбекстанга 2 миллиард доллар инвестиция салат

Автор -
225

Саудиялык шейх Ажлан Мухаммед Абдулазиз жакынкы жылдары Өзбекстандагы долбоорлорго 2 миллиард доллардан ашык каражат инвестиция салуу ниетинде. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, шейхтин Бухара, Анжиян жана Самарканд облустарында пахта жана жибек кайра иштетүү заводдорун куруу пландары бар.

«Мен жибек, пахта жана текстиль өнөр-жайына инвестиция салып, бул үчүн 2 миллиард бөлүүгө ниеттенип жатам. Азыр өзбек өнөктөштөр менен иштей баштадык. Менин оюмча, биздин өнөктөштүгүбүз жакшы киреше алып келет», – деди Ajlan & Brothers Group компаниясынын башкармалыгынын төрагасы эсептелген шейх.

Ал ошондой эле туристтик тармакка дагы кызыгуусу бар экенин жана Бухара, Анжиян, Ташкент шаарларында беш жылдыздуу мейманканаларды кура турганын билдирди.

Ajlan & Brothers Group кийим-кече жана кездеме өндүрүү менен алектенет. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө 45 өкүлчүлүгү жана 200дөн ашык соода жайлары бар компания Сауд Арабиясы, Бириккен араб эмирлиги, Бахрейн, Катар, Кувейт, Йемен, Сирия, Иордания, Ливия жана Египет өлкөлөрүндө бизнес жүргүзөт.

Бөлүшүү