Севастополдогу эл аралык фестивалда «Атанын керээзи» тасмасы сыйлык алды

Автор -
331

Дастан Жапар уулу жана Бакыт Мукул режиссердук кылган «Атанын керээзи» тасмасы Севастополь шаарында өткөн «Алтын Витязь» аттуу XXVII эл аралык кинофорумунда «Күмүш Витязь» сыйлыгына ээ болду.

Тасманын режиссерлорунун бири Дастан Жапар уулу билдиргендей, аталган форумга дүйнөнүн 28 өлкөсүнөн жөнөтүлгөн 137 тасма ат салышкан.

«Атанын керээзинде» тасманын башкы каарманы Азат атасынын сөөгүн жерге берүү үчүн Америкадан Кыргызстанга келет. Ал атасынын карыздарын төлөп, достору менен жолугуп, жергиликтүү окуялардын катышуучусу болуп калат.

Фильм Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» базасында жана «Элфильм» студиясында тартылган.

«Алтын Витязь» эл аралык кинофоруму 27-жолу өткөрүлүп, төртүнчү ирет Севастополь шаарында уюштурулган.

 

Бөлүшүү