Шабдан баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү жол кыймылы үчүн жабылат

Автор -
218

Шабдан баатыр көчөсүнүн 7-Апрелден тарта Буденный көчөсүнө чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгына таянуу менен мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кыймылы жылуулук түтүктөрүн оңдоо максатында жабылат. Аталган көчө 23-июндан тарта жабык болуп, реконструкция иштери 14-июлга чейин созулмакчы.

«Мэрия ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочуларга башка жолду алдын ала тандап алууну эскертти»,-деп айтылат маалыматта.

 

 

Бөлүшүү