Шашылыш билдирүү: Дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн!

Автор -

«11-12-июль күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн»-, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 10-июлунда КР ӨКМнин  Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Бөлүшүү