Шашылыш билдирүү: Өлкө аймагында сел жүрүшү мүмкүн

Автор -

«2018-жылдын 12-июндан 15-июнга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүшү мүмкүн»,-деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Бөлүшүү