Шашылыш билдирүү: Сел жүрүүсү күтүлүүдө

Автор -

Бүгүн, 4-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүү ыктымалы жогору.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жергиликтүү калк жана мекемелер, ишканалар, уюмдар күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүсү зарыл.

Бөлүшүү