Шашылыш билдирүү:сел жүрүүсү күтүлөт!

Автор -
0

2018-жылдын 3-4-июль күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүү ыктымалы жогору.

ӨКМдин билдирүүсүнө ылайык, КР Жарандык коргонуу кызматтары, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук жана шаардык мамлекеттик администрациялар жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүсү зарыл.

«Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилди»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 3-июлда көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жайт. 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз