Шашылыш билдирүү: сел жүрүшү мүмкүн!

Автор -

2018-жылдын 26-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу  республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

«Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл»,-деп билдирет КР ӨКМи.

26-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

 

 

Бөлүшүү