Шашылыш билдирүү! Шаршемби жана бейшемби күндөрү аба ырайы кескин бузулат

Автор -

Кыргызстанда шаршемби жана бейшемби күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөрүн ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 25-апрелде, шаршемби күнү, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорго кар түшөт.

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, тоолуу аймактарга кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15 градус, тоо этектеринде 8…13 градус жылуу болот.

26-апрелде, бейшемби күнү, түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан жаайт.

Ал эми күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетет.

Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 8…13, тоолуу райондордо 2…7 градус жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…5 градуска чейин суук болот.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

 

Бөлүшүү