Сирияга 4 Кыргыз жаранын жөнөткөн эл аралык террордук уюмдун үгүтчүсү кармалды

Автор -

Эл аралык террордук уюмдун үгүтчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-апрелде эл аралык террористтик уюмдардын иш-аракеттерине бөгөт коюу жана аныктоо боюнча өткөрүлгөн контртеррористтик иш-чаралардын алкагында А.Э.аттуу 36 жаштагы Кыргыз жараны кармалган. Колго түшкөн адам террордук уюмдун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен алардын катарын толуктай турган адамдарды таап, алып кетүү үчүн келгени белгилүү болгон.

Ошондой эле аталган адам 2015-жылы Сириядагы куралдуу чыр-чатак орун алып жаткан аймакта согуштук иш-аракеттерге катышкан эл аралык террористтик уюмга 4 Кыргыз жаранын жөнөткөнү аныкталган.

Ага карата 375-берене (жалданмачылык) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бөлүшүү