Сокулукта он жаштагы кызды зордуктаган адамга издөө жарыяланды

Автор -

Сокулукта он жаштагы кызды зордуктаган адамга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.

Шектүүнүн фотороботу таратылып, милиция шектүү тууралуу маалымат билгендерди жардамдашууга чакырды.

Белгилей кетсек, окуя 10-июлда күндүз Сокулуктун базарында болгон. Базарда соода кылган энесине жардамдашып жүргөн кыз дааратканага барганда зордукталганын анын жакындары айтышкан.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда зордуктоого кабылган тестиер менен психологдор иштеп жатат.

Бөлүшүү