Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июнда өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 6-8-июнуна пландалган Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик визитине жана 2018-жылдын 9-10-июнунда Циндао шаарында (КЭР) өтө турчу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги отурумуна даярдыктар жөнүндө маалымат алды.

Андан тышкары, министр Эрлан Абдылдаев өлкөнүн тышкы саясатынын стратегиялык багыттарынын мындан аркы өнүгүшү боюнча пландар тууралуу айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков алдыдагы иш-чараларга даярдыктар боюнча бир катар тапшырмаларды берди жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана достук байланыштарды бекемдөө өлкөнүн экономикалык жана улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен ишке ашуусу керектигин белгиледи.

 

 

Бөлүшүү