Сооронбай Жээнбековдун Талас облусу боюнча жумушчу сапары башталды

Автор -
280

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда Талас районундагы «Манас-Ордо» улуттук комплексине баруу менен өзүнүн Талас облусу боюнча жумушчу сапарын баштады.

Андан соң Мамлекет башчысы Талас райнундагы Таш-Арык айылынын балдар бакчасынын курулушу жана Тараз-Талас-Суусамыр авто жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Бул долбоорлор боюнча маалыматты КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарбы мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев жана КР транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов беришти.

Жумушчу сапарынын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Чынгыз Айтматовдун айылы Шекерге барып, андагы «Чынгыз-Ордо» маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексин куруунун жүрүшү менен таанышат.

Президент ошондой эле облустун тургундары менен жолугушат, агрардык, социалдык чөйрөлөрдөгү абал менен жана региондун транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштин жүрүшү менен таанышат.

Маалымат иретинде:

Таш-Арык айылындагы жалпы наркы 57 339 442 сомдук  140 орундуу балдар бакчасынын курулушу быйыл, 2018-жылы аяктайт.

Азия Өнүктүрүү Банкы донор болуп эсептелген Талас облусун бүт камтыган Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реконструкциялоо долбоорунун 3-фазасы 2018-жылы аяктайт. Бул долбоордун кийинки 4-фазасы 2019-жылы башталат, анын алкагында Казакстандын Тараз шаарына чейинки жол реконструкцияланат.

Бөлүшүү