“Сталбек” аттуу акча алмаштыруучу жайды тоногондорго издөө жарыяланды (Видео)

Автор -

23-июнда Аламүдүн районунун Ленин айылындагы “Сталбек” аттуу акча алмаштыруучу жайды белгисиз топ карактап кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз бөлүмү билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, түнкү саат төрт чамасында кылмышкерлер кара түстөгү “БМВ Х-5” үлгүсүндөгү автоунаа менен акча алмаштыруучу жайдын тоскучун темир аркан менен жулуп, ичинде отургандарга травматикалык тапанчадан ок чыгарып, болгон акчаны тоноп кетишкен.

Жараат алган адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси («Карактоо») боюнча иш козголду. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, карактоого шектүү топ изделип жатат.

Бөлүшүү