«Сулайман-Тоо» музей-комплексинин жетекчиси Кангелдиев кызматынан кетти

Автор -
265

«Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей-комплексинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев кызматынан кетти.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы билдирдигендей, жетекчи кызматтан өз каалоосу менен кетүү боюнча арыз жазып, ал 19-апрель күнү канааттандырылган.

«Абдыкайым Кангелдиев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Учурда анын ордуна ким жетекчи болуп дайындала турганы белгисиз. Талапкерлердин тизмеси да аныктала элек», — деди басма сөз катчы.

Бөлүшүү