Түркмөн бийлиги 40тан аша элек жарандардын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салууда

Автор -
284

Түркмөнстанда жарандардын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган чектөө 40 жашка чейин жогорулатылды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Дашөгүз облусундагы кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, 25-июнда Дашөгүз шаарынын миграциялык кызматы өлкөдөн чыгууну каалаган жарандарга тыюу салынган курак 30 жаштан 40 жашка чейин жогорулаганын билдирген.

Туристтик визага зарыл болгон уруксат кагаздарын алуу үчүн миграция кызматына кайрылган жергиликтүү тургундардын айтымында, чиновниктер «жогору жактан» курак боюнча жаңы чектөөлөр жөнүндө буйрук келгенин айтышып, маалымкат берүүдөн баш тартышкан.

«Тыюунун себептерин сураганыбызда облуста ишке жарамдуу эч ким жок калганын айтып, «силер кетип калсаңар ким иштейт» деп жооп беришти», — деди 36 жаштагы жергиликтүү тургундардын бири.

Апрелдин ортосунда «Азаттыктын» түркмөн кызматы бийлик эл аралык каттамдарга 30га чыга элек жарандарды киргизбөөгө ниеттенип жатканын жазган. Буга чейин эл аралык каттамдардан аялдар дагы чыгарылып жатканы кабарланган.

Түркмөнстан бийлиги өлкөдөн чыгууда жарандар үчүн чектөөлөр бар экенин расмий жарыялаган эмес. Бул тууралуу маалыматтар мамлекеттик басылмаларда берилбейт.

Бөлүшүү