Түркмөнстан мечиттеринде битир-садага өлчөмү көбөйтүлдү

Автор -
331

Түркмөнстандын муфтийи Рамазан айында берилчү битир-садага өлчөмүн былтыркыдан дээрлик эки эсеге көбөйткөн токтом чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Булактын айтымында, былтыр мечиттердеги стандарттуу битир-садага бир адам үчүн 2 манат болсо, быйыл 5 манатка чыккан. Түркмөнстан Борбордук банкынын расмий курсуна ылайык, учурда 5 манат 1,4 АКШ долларына барабар.

Жергиликтүү тургундар жарандар битир-садаганы жашаган жериндеги мечиттердин имамдарына алып барып бере тургандыктарын билдиришүүдө. Алардын айтымдарында, быйыл зекет өлчөмү дагы көбөйгөн.

«Буга чейин кайрымдуулук үчүн иштеп тапкан акчаңдын кырктан бир бөлүгүн зекет кылып бериш керек болчу. Быйыл болсо отуздан бир бөлүгү берилиши керек деп атышат», — деди Ашхабад тургундарынын бири.

Бөлүшүү