Түркмөнстанда доллардын курсу жаңы рекорддук көрсөткүчкө жетти

Автор -
223

4-июнда Түркмөнстандын көмүскө базарындагы доллардын курсу мурдагы рекордду жаңыртты. Дашөгүз облусунда 1 АКШ доллары үчүн дүйшөмбүдө 29 түркмөн манатын сунушташты.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактагы өз булагы кабарлагандай, 4-июнь эртең менен доллардын расмий эмес курсу кыска убакытка төмөн түшүп, бирок кийин анын «алып-сатарлардын оюну» экени аныкталган.

«Эртең менен Дашөгүздө доллар арзандай баштады. Бирок бул долларды арзаныраак сатып алууну каалаган валютачылардын оюну экени аныкталды. Алданып калган адамдар арзан баада саткан долларларын талап кыла башташты», — деди булак.

«Азаттыктын» Ашхабаддагы кабарчылары дагы борбор базарларында 1 доллар 24,5-24,8 манатка сатып алынып, кайра кеминде 2 манат кошуп сатылып жатканын айтышты.

«Ошол эле маалда доллар сатып алуу дагы кыйын болууда, акча алмаштыруучулар азыр доллар сата турган мезгил эмес экенин айтышууда. Акыркы кездери алып-сатарлар көмүскө базарда бир топ сак болуп калышты. Ошондуктан валюта саткандар да, алгандар да өз тааныштарын издөөгө мажбур болушууда», — деди ашхабаддык байкоочу Аманмурад Бугаев.

Анын айтымында, түркмөн жаштары чет өлкөлөргө окууга кете турган мезгил жакындаган сайын өлкөдө долларга болгон суроо-талап өсүүдө. Ошондуктан акча алмаштыруучулар америкалык валютанын кымбатташын күтүп жатышат.

Түркмөнстандын Борбордук банкы 2016-жылдын башында накталай валюта алмаштырууну токтотуп, доллардын расмий курсун 3,5 манат деп белгилеген. Бул көрсөткүч бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет.

Бөлүшүү