Түркмөнстанда интим-оюнчуктарды саткан аял кармалды

Автор -
237

Кечээ Түркмөнстандын Дашөгүз шаарында интим-оюнчуктарды мыйзамсыз сатып жүргөн аял кармалды.

Дашөгүз полициясынан билдиришкендей, 25-майда жергиликтүү тургундардын бири аялына интим-оюнчук саткан соодагерге даттанып кайрылган. Жыйынтыгында анын үйү тинтүүгө алынып, 800-3000 манатка (850 доллар) бааланган ондогон интим-оюнчуктар табылган.

Сурак маалында аял товарды Түркия менен Орусиядан алып келгенин моюнуна алды. Учурда ага карата кылмыш иши козголду. Эгер күнөөлүү деп табылса 3-5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин Дашөгүз бийлиги жарандардын уюлдук телефондорунда порнографиялык маалыматтардын бар-жоктугун текшерип, окуучу кыздар жапырт гинекологдун кароосуна жөнөтүлүп жатканы кабарланган.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген полиция өкүлүнүн айтымында, мындай чаралар жашы жете элек кыздардын арасында сойкулук көбөйгөндүгүнө байланыштуу.

Бөлүшүү