Түштүк Кореянын экс-президентинин камактагы мөөнөтүнө дагы 8 жыл кошулду

Автор -

Түштүк Корея соту өлкөнүн мурдагы президенти Пак Кын Хенин иши боюнча жаңы өкүм чыгарды. Ал мамлекеттик каражаттын жоголушуна жол берүүгө жана 2016-жылдагы парламенттик шайлоого кийлигишүүгө күнөөлүү деп табылды.

Апрелде сот экс-президентти 24 жылга кесип, 17 миллион долларга жакын айып пул төлөөгө милдеттендирген. Эми Пактын камактагы жалпы мөөнөтү 32 жылды түзүп калды.

Ал алгач коррупцияга, кызмат абалын кыянат пайдаланууга жана коммерциялык компанияларга мыйзамсыз таасир этүүгө айыпталган. Анда мамлекеттик айыптоо өлкөнүн алгачкы айым президенти, 66 жаштагы Пак Кын Хени 30 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Бирок мурдагы өлкө башчы бардык айыптарды четке кагып, сотко барган эмес. Отурум жергиликтүү телеканалдарда түз эфирде көрсөтүлгөн.

Былтыр мартта өлкөнүн Конституциялык соту Пакты президенттик кызматтан кетирген. Импичмент жараяны 2016-жылы декабрда, президенттин жакын курбусу аралашкан коррупциялык жаңжалдан кийин башталган.

Анда Пак Кын Хе бала кезден берки курбусу Чхве Сун Силди мамлекеттик иштерге аралаштырганы айтылган. Быйыл февралда Сун Сил 20 жылга кесилген.

Бөлүшүү