Талас облусунда катуу шамал катталды (фото)

Автор -
356

«Талас облусунда катуу шамал катталды»,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 8-июнь күнү  саат 10-11:00 чамасында алдын ала маалымат боюнча Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл аймагында ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган.

«Көк-Сай айылындагы А.Токтокожоев атындагы орто мектептин чатырын шамал учуруп кеткен. Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн  райондук Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетти. Кошумча маалымат берилет»,-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү