«Талибан» кыймылы Ооганстанда эч качан жеңишке жетпейт 

Автор -
208

АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Жозеф Вотел «Талибан» кыймылынын жетекчилигине Кабул менен сүйлөшүүлөргө барууну сунуштады. Бул тууралуу ал 10-май кечинде, Душанбедеги сапары маалында билдирди.

«Менин талиптерге кайрылуум мындай — силер эч качан Ооганстанда жеңишке жетпейсиңер», — деди Жозеф Вотел.

Ал «Талибан» ооган-тажик чек арасына 7 миңге жакын жоочу жайгаштыргандыгы тууралуу суроого жооп берип жатып, АКШ өз каналдары аркылуу Тажикстандын түштүк чектериндеги согушкерлердин так санын аныктоого аракет кыла турганын айтты.

2-майда Тажикстан Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара аскерлеринин колбашчысы Раджабали Рахмонали «Талибан» кыймылынын 6 миң 825 жоочусу Ооганстандын түштүгүнөн түндүгүнө көчүрүлүп, учурда Балх, Кундуз, Тахор жана Бадахшан провинцияларындагы 29 машыктыруучу базада жайгашканын билдирген. Анда ал жоочулардын көбү Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары экенин кошумчалаган.

Жозеф Вотел «Талибан» кыймылын деструктивдүү күч деп эсептейт. Анын айтымында, талиптердин Ооганстандагы аракеттеринен улам өлкөдө башка террордук топтордун, анын ичинде «Ислам мамлекетинин» чет өлкөлүк жоочулары көбөйдү.

Учурда АКШнын Ирак жана Ооганстандагы бардык аскердик операциялары Борбордук командачылыктын көзөмөлүндө.

 

Бөлүшүү