Ташкентте өткөн Азия чемпионатында кыргыз мушкерлери 8 медаль утушту

Автор -
0

Күрөш боюнча Кыргызстандын курамасы кадеттер арасында өткөн Азия чемпионатында 8 медаль утушкан.

Күрөштүн дүйнөлүк бирикмесинен билдиришкендей, турнир Ташкентте 10нан 13-май күндөрү өтүп, ага 21 өлкөнүн мушкерлери катышкан.

Мелдеш эркектер жана аялдар арасында грек-рим жана эркин стилдери боюнча өткөн.

— 45 кг Акыйкат Гулжигит уулу — күмүш (грек-рим стили);

— 60 кг Элмирбек Садыров — коло (грек-рим стили);

— 65 кг Бакдаулет Эгембердиев — күмүш (грек-рим стили);

— 45 кг Мырза Жыргалбек уулу — коло (эркин күрөш);

— 51 кг Абдымалик Карачов — коло (эркин күрөш);

— 65 кг Стамкул Жаныбек уулу — коло (эркин күрөш);

— 71 кг Алинур Такиров – күмүш (эркин күрөш);

— 57 кг Сезим Жуманазарова — коло (аялдар күрөшү).

Жыйынтыгында КРдин байге куржунунда үч күмүш жана беш коло медаль бар.

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз