Ташкентти «көзөмөлдөгөн» криминал төбөлү эки жылга соттолду

Автор -
0

Ташкенттин Алмазар райондук соту Ташкентти «көзөмөлдөгөн» криминал төбөл Аббас Хажаевди катаал режимдеги абакка эки жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өлкөнүн Жогорку сотуна шилтеме кылып жазышты.

Маалыматка караганда, Хажаев Кылмыш кодексинин опузалоо беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, маңзатын даярдоо жана сактоо беренеси боюнча акталды.

33 жаштагы Аббас Хажаевдин кармалгандыгы тууралуу былтыр сентябрда кабарланган. Анда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы ал опузалоого жана 0,34 грамм героин сатуу аракетине айыпталып жатканын билдирген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз