Тажикстанда Баткенде «туткунга алынган» чек арачылар жазаланды (Видео)

Автор -
228

Тажик бийлиги жаңжал учурунда өзүн-өзү коргой албай, куралдарын тарттырып, кыргыз кесиптештери тарабынан кармалган чек арачыларды жазалады. Бул тууралуу Тажикстандын күч түзүмүндө иштеген өз булак билдирди.

Анын айтымында, тажик чек арачылары кармалууга жол бербеши керек болчу. Алар кандай жаза алышканы так айтылган жок, Аскер прокуратурасы иликтөөнү улантууда.

Өз булак “туткунга алынган” чек арачылардын ысымын атабай, алар бир жылдан бери гана кызмат өтөп жатканын белгиледи.

4-июнь күнү Максат айылынын тургундары чек арадагы футбол аянтында жайма базар ачуу аракетине кошуна өлкө чек арачылары каршы чыгып, жаңжалга айланган. Эки өлкө чек арачыларынын тирешүүсүндө ок атылып, тажикстандык үч чек арачы 4 куралы менен чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалып кийи коё берилген.

Ал арада Тажикстандын Чек ара кызматы да билдирүү таратып, Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат кызматын окуяга “эрте баа берди” деп сынга алган. Алар ошондой эле Кыргызстан жарыялаган версиялар чындыкка төп келбей турганын билдиришкен. Тажик чек арачылары ошондой эле чатакты кыргыз тарап алдын ала даярдаган деп кабарлап, кыргыз чек арачылары асманга биринчи ок чыгарганын айтышкан.

Окуядан кийин эки өлкөнүн башкы чек арачылары Тажикстандын аймагында жолугуп, чек арада талаш чыккан учурда такыр курал колдонбоо тууралуу чечим кабыл алышкан.

Бөлүшүү