TIME: Дүйнөнүн эң таасирдүү аялы деп Дженнифер Лопес табылды (Фото)

Америкалык «Time» журналы салтка айлангандай дүйнөнүн эң таасирдүү 100 адамынын тизмесин аныктады. Адаттагыдай эле ага кирген адамдар орундарга жайгашпастан, топторго бөлүнгөн.

Дүйнөнүн эң таасирдүү аялы  же «Сулуулуктун символуна» Женнифер Лопес, Рианна жана ырчы Кеша татыктуу болгон.

«Лидерлер» тобундагы таасирдүү инсандардын катарын АКШнын президенти Дональд Трамп, ханзаада Гарри жана анын болочок колуктусу Меган Маркл, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Кытайдын президенти Си Цзиньпин, Түндүк Кореянын өлкө башчысы Ким Чен Ын, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана башкалар кирген.

Ал эми «Сүрөтчүлөр» категориясына Николь Кидман, Хью Жекман, Галь Гадот, Жимми Киммел жана 14 жаштагы актриса Милли Бобби Браун кирген.

Бөлүшүү