Өткүрбек Жамшитов Башкы прокурор болуп дайындалды (Өмүр баяны)

Автор -
300

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде кол койгон Жарлыкка ылайык, Жамшитов Өткүрбек Асилбекович Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Эмгек жолу:

— 1997-1999 — Талас шаардык прокуратурасында прокурордун жардамчысы;

— 1999-2008 — Талас шаардык, Бакай-Ата райондук жана Ош облустук прокуратураларында тергөөчү;

— 2008-2011 — Кадамжай районунун прокурорунун орун басары;

— 2011-2015 — Лейлек районунун прокурору;

— 2015-жылдан ушул тапка чейин Жалал-Абад облусунун прокурору.

Юстициянын 2-класстагы кеңешчиси.

Бөлүшүү