Тоң району: Бүркүт кол салган кыздын абалы жакшы

Автор -
400

Тоң районунда өтүп жаткан «Тескей жээк» этнофестивалы учурунда бүркүт кол салган сегиз жаштагы кыздын абалы дурус. Бул тууралуу окуяга күбө болгон режиссер Эрнист Абдыжапаров «Азаттыкка» билдирди.

Ал кызды ооруканага алып барып, дарыгерлер жаракатын тигип, үйүнө жибергенин айтты:

«Бул жерден эч кимди күнөөлөп болбойт. Парад учурунда бүркүтчүлөр куштарды агытып жатканда кыз тыюу салынган жерден капилет чыга калды. Бүркүт ага жаныбарларды тыткандай катуу кол салбаптыр. Азыр абалы жакшы», — деди режиссер.

Ысык-Көл облусунун Тоң айылында «Тескей жээк» этнофестивалы өтүүдө.

Бөлүшүү