Тойго келип, каналга түшүп кеткен  5 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Автор -

Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында 5 жаштагы сууга түшүп кеткен кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя кечээ, 27-июнда болжол менен саат 15:35тер чамасында болгон. Кызыл-Туу айылынын Орозбеков көчөсүнүн №34 үйгө тойго атасы менен кошо келген 2013-жылы туулган А. Н., аттуу кыз Достук каналынын жээгинде ойноп жатып, сууга түшүп чөгүп кеткен.

КР ӨКМнин №55 Өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары 27-июнь саат 21:00гө чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес.  Бүгүн,  28-июнь күнү саат 09:00дө кыздын жансыз денеси суудан жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү