Трамп АКШдагы шайлоого кийлигишүүгө Путин жооптуу экенин айтты

Автор -

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын Кошмо Штаттардагы 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишүүсүнө Владимир Путин жеке жооптуу экенин билдирди.

«Анткени өлкөмдө болуп жаткан нерселер үчүн мен өзүмдү жооптуу эсептегендей эле, ал дагы өз өлкөсү үчүн жооп берет. Андыктан өлкөнүн лидери катары албетте Путинди жооптуу деп айтсак болот», — деди Трамп CBS телеканалына берген интервьюсунда.

Трамп дагы бир жолу Орусиянын шайлоого кийлигишкендиги тууралуу АКШнын чалгын кызматынын бүтүмүнө ишене турганын ырастады. Ал ошондой эле Путин менен Хельсинкиде жолукканда мындан ары америкалык шайлоолорго кимдир-бирөөнүн кийлигишүүсүнө жол бербей турганын айтканын билдирди.

Донадьд Трамп Хельсинкиде өткөн орус-америка саммитинен кийин АКШда катуу сынга кабылган.

17-июлда АКШ президенти Хельсикиде Путин менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында жаңылыш сүйлөп алганын моюнуна алып, Орусиянын президентине караганда атайын кызматтарга көбүрөөк ишене тургандыгын белгилеген.

Бирок кечээ Трамп америкалык саясатчылар менен журналисттердин сынына карабастан, Владимир Путин менен болгон жолугушуусун «чоң ийгилик» деп атады. Саммиттеги ийгиликтердин бири катары ал Путин «Түндүк Корея маселесинде» жардам берүүнү убадалаганын айтты. Трамп ошондой эле анын Хельсинкидеги маалымат жыйынында сүйлөгөн сөздөрү атайын кызматтын көпчүлүк жетекчилерине жакканын кошумчалады.

Бөлүшүү