УКМК: Тарых музейине кеткен каражат боюнча териштирүү башталды

Автор -
205

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирмеде териштирүү иштери апрель айынан тарта УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жана Эсеп палатасы тарабынан жүргүзүлө баштаганы айтылат.

«2015-жылы өлкөнүн премьер-министринин буйругу менен Мамлекеттик тарых музейин Түркия тарабынан берилген гранттын эсебинен реконструкция жүргүзүү тапшырмасы берилген. Келишим боюнча Түркия 15 миллион долларды түзгөн гранттык каражатты үч жыл ичинде бөлүп бермек. Аталган сумманын төрт миллион долларына музейдин тегерек-четин, фасаддык бөлүгүн оңдоого, короосун көрктөндүрүүгө сарпталган. Бирок гранттык каражаттарды күтпөстөн музейди реконструкциялоого үчүн бюджеттен каражат табуу боюнча бир нече чечим кабыл алынган», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле билдирмеде музейдин ички бөлүгүн реконструкциялоого жана тийиштүү жабдууларды сатып алуу үчүн Турак жай жана жарандык курулуш департаментине жалпысынан мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 569 миллион 477 миң сом бөлүнүп берилгени белгиленген.

Учурда аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат, иштин жыйынтыгы менен материалдарга юридикалык баа берилет.

Бөлүшүү