Япониядагы үйлөрдү агызган суу ташкынынан 140 адам каза болду (Видео)

Автор -
0
Япониядагы суу ташкыны 2018-жыл

Япониядагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 140 га жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кырсыктын кесепетинен  70 адам дайынсыз жоголгон.

Өлкөнүн метеорологиялык агенттиги билдиргендей, жер көчкүлөр дагы деле коркунуч туудурууда. Табигый кырсыктан жабыркагандар жашаган райондордо жарандык коргоо күчтөрү тарабынан куткаруу операциялары жүрүп жатат.

Нөшөрлөп жааган жаан Японияда 5-июлда башталган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз