Ырчы Юлдуз Усманованын мурдагы күйөөсү камалды

Автор -
0

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ташкенттеги ири ишкерлердин бири Фархад Тулагановду камакка алды.Бул тууралуу  «Азаттыктын» өзбек кызматы жергиликтүү аткаминерлердин маалыматына таянып кабарлагандай, 18-апрелде кармалган Тулаганов паракорчулук жана алдамчылыкка шектелүүдө.

«Шайтан, «ГИФ» деген каймана аттары бар Фархад Тулаганов бир күн прокуратурада суракка алынып, эртеси Ички иштер министрлигинин тергөө абагына камалган.

Ал Улуттук коопсуздук кызматында иштегендерге пара бергени, мыйзамга каршы иштерге ортомчулук кылып, ишкерлерди тоноп, миллиондогон доллар акчаны өздөштүрүп алганы тууралуу маалыматтар айтылууда. Милиция анын иниси Дилмурат Тулагановду да издөөгө алган.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз