Ысык-Көлдө кулаган тик учактан жабыркагандардын саны алтыга жетти

Автор -

Ысык-Көлдө кулаган тик учактан жабыркагандардын саны алтыга жетти. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти.

Тик учак бүгүн Ысык-Көлдүн Түштүк Эңилчек мөнгүсү тарапта «Ми-8 МТВ» үлгүсүндөгү аскердик тик учагы альпинисттерди куткаруу учурунда кырсыкка кабылган. Кырсыктан буга чейин төрт кишинин кырсыктаганы тууралуу маалымат айтылган.

Алардын аты-жөнү азырынча белгисиз. Жабыркагандарды алып келүү үчүн кырсык болгон жерге дагы бир тик учак жөнөп кетти.

 

Бөлүшүү