«Өзүн өзү атып» алды делген аскер кызматкери ооруканада

Автор -
362

2018-жылдын 13-июлунда Молдовановка айылында жайгашкан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №2 аскер бөлүмүндө аскердик милдет өтөп жаткан М.А. «өзүн өзү атып алды» делген факты боюнча Акыйкатчы аппаратынын «Жарандык саясий укуктарды, мигранттардын, чет-элдик жарандардын, жарандыгы жоктордун жана аскер кызматкерлеринин укуктарын коргоо» бөлүмүнүн кызматкерлери аскердин акыбалын билүү үчүн ал дарыланып жаткан Чүй облусттук ооруканага барышты.

15-июлдагы Чүй облустук дарыгерлер менен болгон жолугушууда алар тарабынан бардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын билдиришти.

Дарыгерлердин маалыматы боюнча М.А. аскердин абалы бир калыпта оор.

Аталган факты боюнча Бишкек гарнизонун аскер прокурору Э. Стакеевге болгон окуя боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүлүшүн суранган кат жолдонду.

Бүгүнкү күндө алынган маалымат боюнча аскер кызматкери Республикалык нейрохирургия бөлүмүнө которулган. Акырындан эсине келүүдө. Жанында атасы карап жатат.

Бул окуя Акыйкатчы институнун көзөмөлүндө.

Бөлүшүү