Өзбекстанда колледж студенттери курсташын өлөрчө сабаган

Автор -
212

1-июнда Өзбекстандын Наманган облусундагы Агроэкономикалык колледждин студенттери курсташын өлөрчө сабашкан. Күбөлөрдүн айтымдарында, маркум студент «орозо кармап жатканын жана мушташпай турганын» айтканына карабастан, курсташтары аны катуу тепкилешкен.

Маалыматка караганда, окуя коллеждин короосунда болгон.

«Студенттердин ортосунда чыр окуу жай имаратынын ичинде башталып, кийин короого чыгышкан. Каза болгон студент орозо кармап жатканын жана мушташпай турганын айткан. Бирок беркилер аны катуу сабап, ал дароо ошол жерде каза болгон», — деди окуу жайдын мугалимдеринин бири.

Ал маркум жакшы окуган алдыңкы студенттерден болгонун кошумчалады.

Наманган облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, курсташын сабаган студенттер кармалып, кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Колледж студентинин өлүмү менен аяктаган бул мушташтын эмне себептен чыкканы азырынча айтыла элек.

Бөлүшүү