Өзбекстандын балдар үйлөрүндө видеокамералар орнотулат

Автор -
203

Маргилан жана Ташкент облусундагы кыйноо окуяларынан кийин бардык балдар үйлөрүндө жана мектеп-интернаттарда камералар орнотулат. Бул тууралуу Өзбекстан Башкы прокуратурасы билдирди.

«Бул чуулгандуу иштер, чектен чыккан фактлар. Учурда бардык облустарда, аймактарда текшерүү жүрүүдө. Мен муну расмий текшерүүлөр деп айта албайм, бирок бул маселе укук коргоо органдарынын жеке көзөмөлүндө. Учурда бала бакчаларда камералар орнотулууда, буга окшогон башка фактылар катталган жок. Эки окуя боюнча тергөө уланууда», –деди Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сурайё Рахманова.

Буга чейин өзбек ММКлары Ташкент облусунун Аккурган районунун №78 мектеп-интернатынын жетекчилиги балдардын жоголушун жашырууга жана өспүрүмдөрдүн антисоциалдык иштерге баруусуна шарт түзүүгө айыпталган.

Былтыр декабрда Маргиландын №1 кайрымдуулук үйүнүн жетекчилиги жана кызматкерлери мамлекет жана эл аралык уюмдар тарабынан бөлүнгөн акчаны уурдоого, тарбиялануучуларга сексуалдык жана физикалык кыйноо көрсөтүүгө шектелгени кабарланган.

Бөлүшүү