Өзгөндө 3 жаштагы баланы автоунаа сүзүп кетти

Автор -
0

«Өзгөндө 3 жаштагы баланы автоунаа сүзүп кетти»,-деп билдирет Ош ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү.

Кечээ, 27-июнда саат 19:00 чамасында Өзгөн шаарындагы Амир-Тимур көчөсүндө «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоунаа 3 жаштагы баланы сүзүп кетти. Бул унааны 1995-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан.

«Айдоочу наристе жолго чуркап чыга калганын айтууда. Жабырлануучу окуядан кийин Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилип, дарыгерлер жардам көрсөтүп жатышат»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда бул факт боюнча Өзгөн РИИБи тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз