Жайдын аптаптуу күндөрүндө адистер өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоону эскертишет

Автор -
0

«Өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоо менен Сиз бир гана жаратылышты сактап калбастан, адам өмүрлөрүн, жан-жаныбарлардын коопсуз болушуна шарт түзөсүз. Айрыкча жаш балдардын ширеңке менен ойноосуна жол бербей, тамеки тартууда этият болуп, эс алууга барган жерлердеги очоктогу оттун чокторун толук өчүрүп, өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоо менен Сиз тилсиз жоонун алдын аласыз»,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Айта кетсек, өткөн сутканын ичинде эле республиканын аймагында 30 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 32 бөлүм тартылган.

Катталган өрт кырсыктарынаын ичинен 21 өрт кырсыгы куураган чөптөрдүн жана бак-дарактардын өрттөнүшү болгон. Булардын ичинен куураган чөптөр менен бирге бак-дарактар, отундар жана жан-жаныбарлар дагы кошо күйгөн өрт кырсыктары бар.

Тамеки тартуудагы этятсыздыктын айынан Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда ачык аянтта 50 чарчы метр  куураган чөп жана 1куб отун күйгөн.

Ошондой эле, белгисиз себептерден Чүй облусунун Сокулук районунун Нижний Чүй айылынын Тарасовская көчөсүндө жалпы 650 чарчы метр болгон чөпкана, 16 куб жыгач жана 1 жаныбар (торпок) күйгөн.

Ал эми, Ош облусунун Өзгөн районунун Кароо айылынын Күнгөй тилкесинде жаш балдардын өрт менен болгон шоктугунун кесепетинен ачык  аянтта 300 чарчы метр куураган чөп күйгөн.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Кочкор айылынын Алмабак көчөсүндө 1 тонна чөп жана 1 бак дарак күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз