Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

Автор -
0

Жалал-Абад облусунда 11-июлда саат 21:34 чамасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, Көк-Бел айылында жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жеткен. Токтогул, Торкентте — 3 балл, Кара-Көл шаарында 2,5 баллды түзгөн. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кырсыктан жабыр тарткандар жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз